"Ашар": "Алиакбарды камактан чыгарсак кайра алдады”
"Элге үй алып берем" деп акча жыйнаган "Ашар" коомдук бирикмесинин башчысы Алиакбар Каныбек уулунун соту уланууда. Ал 2-июнда үй камагына чыккан. Милиция 6-сентябрда Каныбек уулун кайрадан кармады. Маалыматта ага жалпы 11 кылмыш иши козголгону айтылат. "МедиаХаб" Каныбек уулунун сот отурумуна катышып, жабырлануучулардын үнүн угуп кайтты. Толугураак видеодон көрүңүз.