G
enby!

Эрлан Андашев - МЕН КЫРГЫЗМЫН

《Мен КЫРГЫЗМЫН》 Сөзү; Бердибек Жамгырчиев Обону; Эрлан Андашев Кыргыз, Кыргыз, Кыргыз деген ким өзү? Айбаты курч, ташты жарат мүнөзү. Жүрөгүндө жанып турган оту бар, Кыргыз эли чагылгандын бир өзү. Майдаланбай улуу жолду баштаган, Душманынан кетенчиктеп качпаган. Карегинде кайтпас сезим алоолоп, Күйүп турган Кыргызмын деп мактанам! Мен Кыргызмын, кыргыз деген жаным бар, Көкүрөктө намысым бар, арым бар. Алп Манастын учкунунан тутанган, Жүрөгүмдө өчпөй турган жалын бар! Мен Кыргызмын, намысымды бербеген, Мен Кыргызмын таза жерди жердеген. Бүркүт сындуу бийиктикте шаңшыган, Мен Кыргызмын, кыргыз деген эл менен! Бердибек ЖамгырчиевСтаньте спонсором канала, и вы получите доступ к эксклюзивным бонусам. Подробнее:    / @erlan_andashev   Все права защищены Copyright © Эрлан Андашев

Смотрите также