Чыңгыз Айтматов "ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР" | 1-уктуруу | кыргызча аудио китеп
Ч. Айтматовдун "Эрте келген турналар" повести орус тилинде жазылган жана "Ранние журавли" деген ат менен "Новый мир" журналынын 1975-жылдагы №9 санына басылган. Аны кыргыз тилине Ашым Жакыпбеков которгон. Кыргызчасы "Эрте жаздагы турналар" деп да, "Эрте келген турналар" деп да аталып келет. Эң алгач кыргызча котормосу "Ала-Тоо" журналынын 1978-жылдыгы №7 номерине жарыяланган. Коомдук-социалдык курч проблемаларды көтөрүп келген соңку эки чыгармасына – "Гүлсарат" менен "Ак кемеге" салыштырганда "Эрте келген турналар" партияга жана партиялык түзүлүшкө "асылбаган" "жай" чыгарма болду. Ырасында мындай "ызы-чуусуз" чыгарманы окурмандар күткөн эмес эле. Мазмуну: Согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган "Ак-Сай десанттары" — өспүрүмдөр тууралуу баян. Башкарма, майданчы Тыналиев мектептен Ак-Сайга кош айдоо үчүн беш жигитти – "чорону" тандап алат. Алардын колбашчысы он бештеги – Султанмурат, экинчи чоро – Анатай, үчүнчү чоро – атка жеңил, тайга чак Эркинбек баатыр, төртүнчүсү – Алтын туяк аты бар Эргеш баатыр, бешинчиси – Кубаткул. Мына ушул Тыналиев "Ак-Сай десанттары" деп атаган балдарды алдыда оор сыноолор күтүп турган. Чыгармада ошол балдардын өмүрүнүн бир кыска үзүмдөрү, кош айдоого даярдыктары, кош айдоо кезиндеги жеңиштери жана жеңилиштери чагылдырылат. Повесттеги мугалим эжей турмушта болгон каарман. Повесттин башталышынан алынган "Ирик түймө жүн жоолугун ороно салынса да болбой үшүгөн Иңкамал-апай өзүнөн бетер көк муштум болуп олтурган балдарга география сабагында Цейлон аралы жөнүндө узун сабак – кызык жомок айтып жатыры" деген сүйлөмдөр жөнүндө ошол эжейдин прототиби Миңкамал Жолоева, же эл айткандай Иңкамал-апай: "Баланын унутпай, баарын жүрөгүнө сактап жүргөнүн карачы деп өзүнчө таң калам. Жада калса ошол кездеги башымдагы жүн жоолугумдан бери жазыптыр. Ооба, ошол кезде менин ошондой жоолугум боло турган. Чыгармасында ошол бойдон сүрөткө түшкөндөй болуп жоолукчан жазылыптырмын", — деп эскерген жайы бар. Иңкамал-апай повесттин окуялары турмуштун накта өзүнөн алынгандыгын өзүнүн "Мен анда окуучуларга география сабагы менен катар ботаника, зоология сабактарынан берчүмүн. Мырзагүл деген болсо Асылкан деген сулуу кыз эле. Класстагы балдардын баары тең аны менен бир партада олтургусу келишчү", — деп айтат К.Өмүралиев менен бир маегинде. Жазуучу өзү да мугалимдери тууралуу бир баянында "Мени окуткан мугалим-апай Миңкамал Жолоева жана башка мугалимдердин жардамы, өзгөчө алардын сезгичтик, этияттык менен кылган мамилеси мага өмөк болду" — деп жазат. Ушул сыяктуу окуя, каармандарды карап туруп, "Эрте келген турналарда" тарыхый-документалдык, мемуардык, автобиографиялык негиз күчтүү көрүнөт деп айта алабыз.