Көмүр кендеринде кара алтындын 1 тоннасы канча сомдон бекиди
Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кесиминде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Жыйынга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков төрагалык кылды. Жыйындын жүрүшүндө район аймагындагы 10дон ашык көмүр кендеринде 1 тонна көмүрдүн баасы канча сомдон сатылаары тууралуу маалымат берилди. Көмүргө болгон бааларды Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн башчысы Эрлан Батырканов жарыялап, кайсы кесимдер бааны бекитип, макулдашканын билдирди.