G
enby!

Азаттык: Кечки радио эфир | 01.08.2025

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. Нарындагы көмүр кендеринин бирин мыйзамсыз басып алууга шек саналып камалганын билдирди. Аларга каршы арыз жазылганын маалымдады, бирок кимден түшкөнүн тактаган жок. "Текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, кылмыш ишин козгоого негиз болду. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. коркутуу, дагы башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп, акча төлөбөстөн аталган көмүр кенин иштетип жаткан компаниянын акцияларынын контролдук пакетин берүүгө мажбурлашкан. Кылмышка шектүүлөр 31-июлда камалды жана аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылат, сотто тергөө бүткүчө абакта калтыруу бөгөт чарасы тандалды"-деп жазылган маалыматта. https://www.azattyk.org/a/33491658.html
_____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также