ОШТО ӨРТ ЧЫГЫП…🥹БИШКЕКТЕ ЖОЛ КЫРСЫК БОЛДУ... ЫРЧЫНЫН АЯЛЫ ТУРМУШКА ЧЫКТЫ...АКЫРКЫ КАБАРЛАР
17 жаштагы бала автоунааны ата-энесине айтпай айдап чыккан Кечээ, 18-октябрда, түнү Бишкектин чок ортосунда жол кырсыктан 13 жаштагы өспүрүм көз жуумп, дагы үч киши жаракат алган. Анда Lexus RX 330 менен Toyota Camry кагышып, экинчиси тротуарга чыгып кеткен.. Милициянын кайгуул кызматы, Toyota Camry автокөлүгү 17 жаштагы өспүрүм айдап бара жатканын маалымдаган. "Бул кырсык жашы жете элек баланын айынан болгон, ал ата-энесинин кабары жок жана айдоочулук күбөлүксүз автоунааны алып, шаардын көчөлөрүнө чыгып кеткен", — деп айтылат маалыматта. Кылмышка шектүү катары өспүрүм Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иш козголгон. Милиция ата-энелерди жашы жете элек балдарынын эмне кылып, кайда жүргөнүнө көз салууга чакырды. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Смотрите также
