Таза суу маселеси көңүл борборунда. | ТҮППРЕСС | Түп| 8 октябрь 2025 жыл.
Түп айылында таза суу түтүктөрүн өткөрүү учурунда одоно эрежени бузуулар, жараксыз түтүктөр колдонулуп жатат деген видео инстаграм социалдык тармагынын колдонуучусу тарабынан жарыяланып жергиликтүү элдин ортосунда ызы-чууга себеп болгон. Тастыкталбаган маалымат эл арасында тарап, суроолорду жараткан. 8 октябрьда Түп районунун акими Тимур Мадияровдун тапшырмасынын негизинде акимдин биринчи орун басары Руслан Сарымсаков, айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Турганбаев жана Түп таза суу мекемесинин жетекчиси Улан Сагындаковдун катышуусунда жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарандар жаралган суроолорго жооп алып, тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмалар берилди. Эске салсак КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 1093 беренесине ылайык, *туура эмес (жалган) маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарын же интернет булактары аркылуу таратып, коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укугу менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген же мыйзам менен корголгон коомдук же мамлекеттик кызыкчылыкты бузууга алып келген учурда, эгер бул кылмыш жазасы катары каралбаса, анда жеке адамдарга 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом), ал эми юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч (65 миң сом) айып салынат . Укук бузуу протоколдору ички иштер органдары тарабынан түзүлүп, сотторго жиберилет.