Бир түндө 5 баласы менен чогуу каза болгон келин: Ошто аларды акыркы сапарга узатышты
Ош шаарында өрттөнгөн үйдө каза болгон жаш келин менен 5 баласы бүгүн, 23-октябрда акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди. Маалыматка караганда, үй-бүлөнүн атасы Түштүк Кореядан кайтып келип, жубайы менен балдарын акыркы сапарга өз колу менен узатты. Коштошуу зыйнатына Ош шаарынын мэри баш болгон жетекчилери, шаар тургундары, маркумдардын туугандары катышты.