Манас гимни
КР эл артисти Саламат Садыкова "Манас гимни" с. А. Жакыпбеков о. Д. Мамбетакунова Кайың барбы кыргыз балта чаппаган Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган. Кылымдарга аты калбай өчөөрдө Кыргыз элин кыраан Манас сактаган. Кайырма: Асман менен Жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен Күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй- Теңир уулу эр Манас. Белес-белден беш удургуп өткөн эл, Арстан болуп ай чапчыган көчмөн эл. Курандылап, куруп бара жатканда Эр Манасты туу карманып өскөн эл. Кайырма: Манас улуу — кыргыз элдин желеги. Ата-мурас, акыл, ойдун тереңи. Түбөлүккө ташка тамга баскандай Кыргыз элдин адамзатка белеги. Кайырма: #Манас #МанасУлуттукАкадемиясы #НациональнаяАкадемияМанас #NationalAcademyManas #АЙКӨЛстудиясы