G
enby!

Күйөөм аяоосуз сабайт | Чекит.

Бул видеодо үй-бүлөлүк зомбулуктун дагы бир кайгылуу окуясын ачып көрсөттүк. Бети-башы кан болгон айым кичинекей уулун көтөрүп «тез жардамдын» ичинде кетип бараткан учурда тартылган. Биз бул видеону көргөн замат Өзгөн шаарына барып, маселени иликтеп, тиешелүү органдар менен байланыштык. Учурда зомбулук көрсөткөн күйөөсү камакка алынат, социалдык коргоо кызматы тарабынан жардам көрсөтүлөт деп айтылды. Эскерте кетели: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча үй-бүлөлүк зомбулук кылмыш болуп эсептелет жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган (мисалы, Жазык кодексинин 150-беренеси). Ислам дини да аялга, балага зомбулук кылууну катуу тыюу салат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Силердин эң жакшыңар — аялдарына эң жакшы мамиле кылгандарыңар» деп насаат айткан. Негизги максат — мындай зомбулуктун алдын алуу, коомчулукту кабардар кылуу жана жардамга муктаж аялдарды колдоо. Айымдарыбыз аман болсун. Зомбулукка каршы унчукпай калбашыбыз керек. Бирге күрөшөлү! ——————————————————————————— ► Биздин социалдык тармактар: Instagram (Мунарбек):   / munarbek_imarov   ——————————————————————————— ► Бул чыгарылыштын үстүндө иштегендер: Монтаждоочу Бактыбеков Аскат Оператор: Бошкоев Алихан Автор жана алып баруучу: Мунарбек Имаров ——————————————————————————— ► Байланыш үчүн 0704507777 номуруна жазыңыздар

Смотрите также