Авазбек Умаров бир кылымдар бою сапатын жоготпогон бычактардын жасоо сырлары менен бөлүштү
Акыркы учурда Ош шаары туристтерди тартуу боюнча бир нече иштерди жасап келүүдө. Анын ичинде шаардагы өнөрпоздордун буюмдарын чет элге таанытуу жараяны да бар. Төмөндө сөз кылчу каарманыбыз-Авазбек Умаров чейрек кылымдан бери бычак жасап, бул өнөрдүн арты менен ондогон өлкөнүн жарандар менен таанышкан. Муундан муунга, атадан балага өтүп келе жаткан бычак жасоо өнөрүнүн сырлары менен бөлүштү.