G
enby!

Кыргызстанда алгачкы жолу «PRO» лицензиясына машыктыруучулук курсу старт алды

7-октябрь күнү Кыргызстанда АФКнын «PRO» лицензиясы боюнча машыктыруучулук курсу старт алды. Мындай курс өлкөбүздө биринчи жолу уюштурулуп жатат. «PRO» лицензиясы— Азия футбол конфедерациясынын эң жогорку машыктыруучулук даражасы. Бул даражадагы машыктыруучулар улуттук курама командаларды жана чет элдик клубдарды машыктырууга укук берет. Курстун башкы инструктору — Кыргыз футбол биримдигинин техникалык директору жана UEFA «PRO» лицензиясынын ээси Дайнис Казакевич болду. Ага ата-мекендик эксперттер Ормомбеков Анарбек, Кашуба Светлана жана Эшенов Мирлан жардам беришет.

Смотрите также