Баткен: Кара-Бак айылына жаңы мектеп курулду
Баткен районунун чек арага чектеш Кара-Бак айылындагы мектептин кошумча имараты өткөн жылдагы чек ара окуясында жабыркаган. Бир кезде ашар жолу менен курулган мектеп жараксыз абалга келген болчу. Мындан улам быйылкы жылы өлкө башчынын тапшырмасы менен кайрадан курулуп, жакынкы күндөрү балдар заман талабына ылайык шарт менен билим алганы жатат. Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз Facebook - / utrkkg Youtube (УТРК) - youtube.com/@utrkkgchannel/streams Instagram - instagram.com/utrk_live/?igshid=ymmymta2m2... Телеграм - t.me/ktrk_live