✅ Курулганына 125 жыл болгон бала бакча. Мэр 1901-жылы курулган №1 “Жибек” бала бакчасына барды.
✅ Курулганына 125 жыл болгон бала бакча Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таңкы рейддик кыдыруунун алкагында 1901-жылы курулган №1 “Жибек” бала бакчасына барды. Имарат эски болгондуктан, шарттары толук кандуу жетиштүү эмес. Мэр бакчанын жаңы имараты учурда курулуп жатат, тездетип бүткөрүү менен балдарды коопсуз жайга көчүрүп чыгуу зарылдыгын белгиледи.