✅Мугалимдер күнүнө белек
🔹Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Киров мектебине барды. Буга чейинки рейддик кыдырууда мектептин айланасын оңдоо тапшырмасын койгон болчу. Натыйжада имараттын айланасы асфальтталып, ажатканасы, күзөтчүлөр имараты, сырткы футбол аянты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. 🔹Мэр кыдыруусун Гагарин мектебинде улантып, мугалимдерди майрамы менен куттуктады. 🔹Аталган эки мектепке мугалимдер күнүнө карата Президенттин атынан интерактивдүү доскаларды тапшырды. Ошондой эле жаңы парта, отургучтар берилди.