G
enby!

Абдиламит Матисаков | Тандыр | аудио китеп | аңгеме

Мага бул аңгемени окуу, чынын айтайын, оңой болгон жок. Окуп баштагандан тарта эле көз алдыма балалыгым тартылып туруп алды. Эски үйүбүздөгү тандыр, мен ага от жагып, энеме тандырды агартып берген кездерим, энем ысык нан бетине сары май сүрткөн, анан каймак менен жейбиз экөөбүз деп пешайванга жаңы бышкан нанды жайып койгон учурлар. Абдиламит Матисаков агайдын ар бир диалогунда өзүм жүрдүм, энем жүрдү… көрсө ааламдан баары өтөт турбайбы. Адам да, тандыр да… көз алдыңда тек ошол мезгилдин элеси калат экен. Ушундай ирмем тартуулаган чыгарма үчүн рахмат авторго! Сиз да угуп, пикириңизди жаза кетиңиз, азиз угарманым🙏 Автор: Абдиламит Матисаков Окуган Төрөкул Дооров Сүрөт: Талгат Султаналиев Музыка: Асылбек Насирдинов, Бакыт Чытырбаев

Смотрите также