Айгерим Акылбекова: Кыргызстанда аялдын орду кандай? / Айым Power
Кыргызстандагы аялдардын абалын, башка өлкөлөргө салыштырмалуу, өтө жаман деп айтууга болбойт, бирок жакшы да эмес. Биздин укук коргоочулар өз милдеттерин так аткарып, журналисттер көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, аялдардын укуктары бузулган учурларды ачык айтып, аларга резонанс бере алабыз. Бирок бүгүнкү күндө дагы көптөгөн системалуу түрдө аялдардын укуктарын бузуулар бар. Ал эми бул бир гана аялдардын эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү. Бул темага журналист Айгерим Акылбекова өз пикирин билдирди. #АйгеримАкылбекова #КүчтүүАялзат #КүнСайынШартТүзүү #КүнСайынКолдойбуз #Кыргызстан