Аргасыз мекенине кайтып келген мигранттарды кандай тагдыр күтүүдө?
Россияда Кыргызстандык жана башка өлкөдөн барган мигранттар үчүн Орусиядагы укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү 10-сентябрда аяктап, миңдеген мекендештерибиздин келечеги белгисиз вакумда болуп калды. Расмий маалыматтарга ылайык, бул мөөнөттүн ичинде 98 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграциялык реестрден чыгарылган. Алардын 14 миңден ашыгы өлкөдөн чыкпай туруп документтерин мыйзамдаштырса, 84 миңге чукулу Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Эми 11-сентябрдан баштап Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандык мигранттар дагы, өлкөдөн мажбурлап чыгарылып, Орусияга кирүүгө убактылуу тыюу салынышы күтүлүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы элчиликтер бул мөөнөттүн ичинде мигранттарга укуктук жардам көрсөтүп, маалыматтык иштерди жүргүзүшкөн. Бирок, мигранттардын айтымында, документтерди мыйзамдаштырууда кезекке туруу жана тиешелүү органдардагы бюрократиялык тоскоолдуктар чоң көйгөйлөрдү жараткан. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз