Мар Байжиев | Илгери өткөн заманда | Кожожаш | аудио китеп
Мар Байжиевдин «Илгери өткөн заманда» аттуу повестин окудум. Бул - Кожожаштын дастаны, Улуу тоону мекендеген мергенчи кыргыздын Сур эчкинин каарына калгандагы баяны, азыркы кыргызды, жалпы адамзатты табиятка мамилесин өзгөртүүгө чакырыгы. Бүгүн ушул чыгарманы сиздерге окугум келди. Адабиятыбыз канчалык улуу ойлорго, чыгармаларга бай экенин дагы бир жолу айткым келди. Эртеңки Адабият күнүңүздөр менен ушундайча куттуктагым келди. Автор: Мар Байжиев Окуган: Төрөкул Дооров Музыка: Асылбек Насирдин, «Кербен» Фото: Александр Федоров, «Кожожаш» кинотасмасынан. 1984-жылы Мар Байжиев дал ушул чыгарманын негизинде «#Кожожаш» кинотастмасы үчүн сценарий жазган. Фильмди Төлөмүш Океев тартканы, ал үчүн ичинде колдонулган ырларды Жолон Мамытов жазып бергени белгилүү. Аны сиз «Кыргызфильм» киностудиясынын ютубдагы каналынан көрө аласыз. Шилтемеси мына: • Кожожаш (1984) реж. Төлөмүш Океев