УТРК НАРЫН:ЭТ ЭМНЕГЕ КЫМБАТТАДЫ?
Нарын облусунда эттин баасы кескин түрдө көтөрүлдү. Мурда килограммы 600 сомдон сатылып келген үй менен жылкынын эти азыр 700 сом, ал эми койдун эти буга чейин 650 сом болсо учурда 720 сомго жетти. Эттин баасынын минтип асман чапчыганы тургундардын нааразычылыгын жаратууда.