“Майда мантынын артынан унаа алып, үй салдык”
Сага керектүүнүн бары бир тарифте https://o.kg/kg/chastnym-klientam/tar...
Бул жолу Ордолуу Ош шаарын кыдырдык. Дароо айтылуу майда манты базарына барып, 40-50 жылдан бери бул даамды даярдап-саткан эжелерден кызыктуу маек алдык. Ошондой эле 3-4 муундан бери бешик жасап, башка аймактарга жиберген бир тууган кол өнөрчүлөр менен таанышып, соңунда Кыргызстан боюнча жалгыз бычак жасаган уста менен баарлаштык. Айтымында, бычакчы болуу баарынын колунан келе бербейт.