География 6-класс(Табигый кырсыктар жана анын келип чыгуу себептери.)
Табигый кырсыктар — капысынан болуп, адам баласынын аракетине баш ийбеген табияттын алаамат кубулуштары (жер титирөө, суу каптоо, цунами, жанар тоонун атылышы, сел, көчкү, катуу бороон же куюн пайда кылуучу циклондор, токойдон жана чым көңдөн чыккан өрт, кар жана жер көчкү жана башкалар). Айрым табият кырсыктары (өрт, уроо, жер көчкү жана башкалар) адамдын иш-аракетинен болушу да мүмкүн.