Боз-Бөлтөк. КАНТИП КУЛАП БАРАТАТ? @TandyrMedia менен Арча Медианын биргелешип жасаган иликтөөсү
🔖 Бишкектин түштүк тарабында Боз-Бөлтөк тоосу жайгашканы белгилүү. Мурда Байтик баатырдын ордосу жайгашкан бул жерде, бүгүнкү күндө техникалар күнү-түнү тынымсыз иштеп турат. Аталган тарыхый аймактан борбор калаада жүргүзүлүп аткан курулуш үчүн компаниялар кум, таштар казылып алынууда. Кирпич заводдордон чыккан түтүн, техникалардын чаңы тоону курчап турган айылдар менен катар эле Бишкекти да каптайт. 🔹 Жергиликтүү эл ыш-түтүн менен чаңга муунуп, экологдор, активисттер бийликке карата коңгуроо кагып келет. Президент, үлкөн чиновниктер өнөр-жай ишмердүүлүгүн токтотобуз, Боз-Бөлтөк тоосун корук кылабыз деген убадаларды беришкен. Бирок, Боз-Бөлтөк тоосу күндөн-күнгө көз алдыбызда жок болуп баратат. 🔹 Эмне үчүн Кыргызстанда табиятты коргоо мыйзамдары иштебейт? --------------------------------------------------------------------- Тандыр Медиа орусча: / @tandyrmedia Инстаграм : / tandyr.media Телеграм: https://t.me/tandyr_media
Патреон:https://patreon.com/tandyrmedia?utm_m...