Ыйман жолуна Чубак Ажы салдыбы? | Назира Айтбекова | Zaman Podcast
Кезектеги “Заман” подкастыбыздын коногу – элге абдан таанымал болгон, белгилүү телеалыпбаруучу, журналист, блогер, актриса Назира Айтбекова. Назира айымдын жашоосунда абдан чоң өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз: турмушка чыгуу, умра сапарына барып келүү, жашоого, турмушка, динге болгон көз караштарынын өзгөрүлүшү. Жана көпчүлүгүнө ал өзгөрүүлөрдүн себептери жана кандай болуп өзгөрүлүп жатканы кызык болчу. Бул маегибизде ошолорду сураганы аракет кылдык. Андан тышкары, Назира айым биз менен умра сапарына барып келгендиги, Пайгамбарыбызды (САВ), Чубак ажы устазыбызды түшүндө көргөндүгү, турмушка чейинки жана турмушка чыккандан кийинки жашоосу тууралуу кенен айтып берди. Азыркы күндө жашоого, динге, турмушка болгон көз-караштарын, пикирлерин дагы билгени аракет кылдык. Бул маегибиз көптөгөн адамдарга кызыктуу дагы, пайдалуу дагы болуп, балким, кээ бир адамдардын ойлонуп жүргөн суроолоруна жооп тапканы дагы жардам берет деп үмүт кылабыз. Таймкоддор: 00:00 - Анонс 1:32 - Киришүү 4:12 - Умрага барган сезимдер жөнүндө 14:16 - Умрадан кийин кандай өзгөрүү болду? 17:02 - Мухаммад Пайгамбар түшүнө киргени жөнүндө 19:57 - Чубак Ажы жөнүндө 25:05 - Үй-бүлөлүк жашоо кандай экен? 32:44 - Дин менен таанышуу кайдан башталды эле? 53:27 - Энелерди, аялдарды коргоо жөнүндө 1:00:44 - Уулуңуз кандай кабыл алды жаңы турмушуңузду? 1:07:21 - Эл эмне дейт деги катталуучулар кандай кабыл алышты? 1:14:03 - Өзгөргөндөн корккон адамдарга сунуш 1:23:54 - Жыйынтыктоо Каналга катталып, жакындарыңыз менен бөлүшүп, жакшы ишке салым кошуңуз. Сиздерди терең урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду. Production: Antares Creative Group antares_group Биздин Instagram: denis_ajy nursultan_mainazarov zaman_podcast