"Ата" - Эламан Жалалов с.о. Аалы Туткучевдики
Көптөгөн суранычтар боюнча жана мени өнөр жолдо жакындан колдоп келген досумдун урматына сөз обону Аалы Туткучев агабызга таандык ушул ырды ырдадым. Бул чыгарма аталарга арналган мыкты ырлардын катарынан орун алуусун тилейм. Себеби Аалы агабыз сөз берметин терген ак таңдайлыгынан, жүрөктө ташкан мээриминен улам жаралган жакшы ыр экенин желкыяктын коштоосунда аткарып жатканымда атасын эстеп көлкүп ыйлап, кайра-кайра ырдатып, батаасын берген күйөрмандардын көзүнөн сездим... Андыктан ийгилик каалап сиз да угуп койсоңуз кубанычта болобуз. Аска-зоо тирек аталар эсен болсун! Урматтоо менен Эламан Жалалов! (29.01.2023)