Гүлсара МАДАМИНОВА: “Дүйнөлүк тенденцияны көрүп, Гапыр агайдын методу туура экенине ынандык”
Белгилүү кинорежиссёр Руслан Акун тарткан “Агай” сериалы өзүнүн көрөрмандарына чыныгы мугалим кандай болорун көрсөттү десек болот. Сериалдын жашоодогу чыныгы каарманы, КРнын эмгек сиңирген мугалими – Гапыр Мадаминов. Анын билим деп жан үрөгөнүн, билимге кошкон салымын жогоруда аталган сериалдан көрсөңүздөр болот. Гапыр Мадаминовдун кызы Гүлсара Мадаминова менен атасынын ишмердүүлүгү, берген тарбиясы тууралуу маектештик.