G
enby!

✅ Мэр Ж.Токторбаев: Билим берүүнүн сапатын көтөрөлү

🔶 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн күндүн экинчи бөлүгүндө мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуусу өттү. 🔶 Алгач билим берүү башкармалыгынын башчысы жалпы маалымат берип, баяндама жасады. Андан соң калаа башчысы Ош шаарынын аймагында жасалган жана учурда жүрүп жаткан жумуштар боюнча токтолуп өттү. 🔶 Мэр шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринен коррупцияны токтотуу, мектеп, бала бакчалардын жетекчилери ата-энелерден балдарын окууга, бакчага киргизүүдө мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө, билим сапатын көтөрүү талабын койду. Муну менен бирге билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртуу боюнча мэрия тиешелүү иштерди алып барарын билдирди.

Смотрите также