УТРК НАРЫН:ЖАШ ИШКЕРДИН ИЙГИЛИГИ
Аары менен башталган аракеттен Ат-Башылык жаш ишкер ийгилик жаратты. Улан Ибрайым уулу өткөн жылы “Социалдык келишим” программасы аркылуу 100 миң сомдук каржылоого ээ болуп, айылда балчылык боюнча ишкерлигин баштаган. Алгач 10 бал челек менен башталган ишкерлик жемишин берип, учурда 30 бал челекке жеткен.