G
enby!

СУУТЕК

СУУТЕК ЖАНА БИРИКМЕЛЕРИ, ХИМИЯ 9 КЛАСС Суутекке жалпы мүнөздүмө. Суутек hydrogenium, байыркы грек тилинен которгондо “сууну жаратуучу” дегенди билдирет. Химиялык белгиси –Н; салыштырма атомдук массасы –Аr(Н)=1,008; молекулалык фомуласы –Н2; салыштырма молекулалык массасы –Мr(Н2)=2,016; Суутектин физикалык касиеттери. Суутек нормалдуу шартта жытсыз, даамсыз, түссүз, өтө жеңил газ. Суутек кар сыяктуу ак катуу абалдан балкыганда -2620C түссүз суюктукка өтөт, ал -259,20C да кайнайт. Суутектин табиятта таралышы Суутек табиятта молекулалык түрдө кездешет. Жер шарында кеңири таралган элементтердин бири. Суутек эркин жана кошулма түрүндө жердин бетинде, гидросферада, биосферада жана атмосферада кездешет. Суутек көмүрдүн, мунайдын, табигый газдардын (метан  СН4, этан  С2Н6, пропан  С3Н8), суунун (Н2О) курамында кездешет. Суутек вулкандар атылганда, скважиналарды казганда жана аба жетишсиз чөйрөдө органикалык заттардын чиришинен эркин абалында бөлүнүп чыгат. Суутек жылдыздардын негизги курамдык массасын түзөт: Күндүн массасы боюнча 75% суутектен; Юпитер массасы боюнча 80% суутектен; Сатурн массасы боюнча 60% суутектен; Жылдыздардын массасы боюнча 50% тен көбүрөөк суутектен турат. Суутектин изотоптору. Суутектин табиятта үч изотобу белгилүү, ал эми төртүнчү изотобу жасалма жол менен алынган: Суутектин лабораторияда алынышы. Активдүү металлдар менен кислоталар өз ара аракеттенгенде суутек алынат, мисалы: 1) Цинкти суюлтулган туз же күкүрт кислоталарынын эритмесине кошуу менен суутек алынат. Алынган суутекти сууну сүрүп чыгаруу методу менен жыйнап алууга болот. Zn + 2HCl  ZnCl2 + H2 2) Цинкти суюлтулган күкүрт кислотасынын эритмесине кошуу менен Кипптин аппаратында алынат. Zn + Н2SO4  ZnSO4 + H2; 3) Кальцийди суюлтулган күкүрт кислотасынын эритмесине кошуу менен суутек алынат. Алынган суутекти сууну сүрүп чыгаруу методу менен жыйнап алууга болот. Са  Н2SO4  СаSO4 + H2; Суутектин өнөр жайда алынышы. 1.Өнөр жайда суунун электролизинен суутек алынат: 2Н2О 2Н2 + О2 2.Суутек табигый газдан алынат. Мисалы: Чектүү углеводороддорду (СН4, С2Н6, С3Н8) жогорку температурада ажыратуудан алынат. Суутектин химиялык касиеттери жана колдонулушу. 1.Суутектин кээ бир металлдардын оксиддери менен өз ара аракеттенишүүсү. Ысытылып жаткан жездин (II) оксидинин үстүнөн сутектин агымын жибергенде суу жана металлдык жез пайда болот: CuO + H2  Cu + H2O 2.Суутек кычкылтектин жардамында күйөт. Күйүп жаткан суутектин жогору жагына муздак нерсени койсо, анда нерсенин беттеринде суунун тамчылары пайда болот: 2Н2 + О2  2Н2О 3. Суутек металл эместер менен кошулат. Газ чыгуучу түтүктөн чыгып жаткан суутекти коопсуздук эрежени сактоо менен күйгүзүп туруп, хлору бар цилиндрге салганда, суутек хлордун атмосферасында күйүшү улантат. Хлордуу суутек пайда болгондуктан, хлордун сары-жашыл түсү бара-бара түссүздөнөт: Н2 + Сl2 2HCl Хлордуу суутек сууда жакшы эрип, туз кислотасын НСl пайда кылат. Суутектин агымын балкыган күкүртү бар пробиркага жиберсе, сасык жумуртка жыттанган газ абалындагы күкүрттүү суутек: Н2 + S H2S Суутек менен азот жогорку температура, басымда жана катализатордун катышуусунда өз ара аракеттенишкенде, практикалык мааниси чоң болгон аммиак NH3 пайда болот: N2 + 3H2 2NH3 Суутектин колдонулушу. Өнөр жайда суутек баалуу металлдарды, аммиакты, туз кислотасын, азот кислотасын, метанолду, синтетикалык суюк отундарды алууда колдонулат. Суюк майларды катуу майларды айландырууда жана төмөнкү сорттогу нефтини кайра иштетүүдө колдонулат. Дейтерий менен тритийдин аралашмалары термоядролук отун катарында колдонулат.

Смотрите также