G
enby!

Туризмди өнүктүрүүгө багытталган «Talas Tourism» фестивалы

Аталган жөө саякат Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси жана туризм тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар тараптардын колдоосу менен уюштурулду. Талас токоюн аралап, 11 чакырым жөө басууга чакырган жүрүшкө облус башчысы Эрмат Джумаев баштаган жетекчилер, кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, экология жана туризм тармагындагы активисттер, туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана токой чарбанын кызматкерлери катышты. Алар алгач Э.Кутманалиев атындагы стадиондо уюштурулган сүрөт көргөзмөсү күбө болушту. Ошондой эле жергиликтүү таланттар аткарган ыр күүлөрдү угуп, эргүү алышты. Андан соң жөө жүрүштүн катышуучулары көнүгүү жасап, даярданып Талас токоюн аралап жөө басышты. Жөө жүрүштүн катышуучулары токойдогу бак дарактарды, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү жана дарылык касиети бар жапайы мөмөлөрдү жеринен көрүштү. Ошондой эле байыркы Текапкет шаар чалдыбарына барып, тарыхтан кабар алышты. Мындан тышкары айтылуу Айчүрөк апанын чынар багына да барышты. Бул жерже жалпы катышуучулар үчүн добулбас жаңырып, Манас айтылды. Бул көрүнүш жөө саякатка өзгөчө көрк берип, катышуучуларга руханий азык тартуулады.

Смотрите также