Кас-Кас! Бас-бас! | Киргизские Детские Песни | Muzбилим | Балдар Ырлары | Замира Сатыбалдиева
Жерде жүрбөй жөрмөлөп Тургун бөбөк, тур бөбөк. Төрөлгөнгө жыл маалы, Жакыи калган өндөнөт. Кас-Кас! Бас-бас! Коркпо, коркпо калтырап, Колун суна калчы бат. Күтүп турат келечек, Күн нурундай жаркырап. Кас-Кас! Бас-бас! Болсун жакын аралык, Бол отурба каранып. Жеништерге экөөбүз, Жетелешип баралык. Кас-Кас! Бас-Бас. Кас-Кас! Бас-Бас. Кас-Кас! Бас-Бас. Созу: Ж.Садыков Обону: З.Сатыбалдиева Аткаруучу: З.Сатыбалдиева