✅ Кең Сайга эл күткөн суугат суу чыкты
🔹 Кең-Сай массивин сугат суу менен камсыз кылуу максатында курулган Жапалак айылындагы суу насостук станциясы 15 жылдан ашуун убакыттан бери иштетилбей, таштанды жерге айланып, каралбай жаткан. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин аракетинин арты менен станция толук оңдолуп бүгүн ишке киргизүү алдынан сыноодон өткөрүлдү. 🔹 Мэр Жеңишбек Токторбаев станциянын тетиктери толук жаңыдан алмаштырылып, жарактуулары оңдоп түзөөдөн өткөнүн, ишке берүү алдынан сыноо иретинде иштетилип, бөлүштүрүүчү кампага суу берилип жаткан билдирди. Эми бул жерден жаңы конуштагы жалпы 600 гектардан ашуун жерге суу бөлүштүрүлүп, жеткирилет. 🔹Эске салсак, Ош шаарынын 3000 тургуну үчүн Кең-Сайдан 800 гектар жер тилкеси турак-жай курууга мындан 15 жыл мурун бөлүнгөн. Бирок зарыл шарттардын жоктугунан улам калктын көчүп келиши кечеңдеп келген. Эми мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Кең-Сай массивин жашоого ыңгайлаштырылып, суугат жана ичүүчү суу тартылып, электр подстанциясы оңдолуп маселе алдыга жылды.
Смотрите также
