G
enby!

7.10.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Кыргызстанда күчү беш жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен жалпы 6 турак үй, 4 мектеп, бала бакча жана эки фаптын имараты жабыркаган; УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БИШКЕК ШААРЫ БОЮНЧА БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ, Ачылуу аземине өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты; Бир аптада эле коопсуздук курун тагынбаган 400 миң айдоочу менен жүргүнчү аныкталды. 1-октябрдан тарта "Коопсуз өлкө" долбоорунун камералары коопсуздук курун тагынбагандарды автоматтык түрдө аныктай башды; Өлкө боюнча бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциянын 5 миңден ашык учур катталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар; Кыргызстандын футбол тарыхында алгачкы жолу Азия Футбол Конфедерациясынын “PRO” лицензиясы боюнча машыктыруучулук курсу старт алды. Буга чейин биздин адистер чет өлкөдөн гана билим алып, даярдлган. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion

Смотрите также