Архивдөөчү программалар(Архиваторлор)
Архивдөөчү программалар(Архиваторлор) Архивдөө - бул белгиленген файлдарды кысуу технологиясын колдонуп же колдонбой архивдик файлга жайгаштыруу процесси. Архивдөөчү программа(архиватор) – бул ташууга жана сактоого ыңгайлуу болуш үчүн бир же бир нече файлдарды бирдиктүү архивдик файлга айландырууга арналган утилит программа. Архивдөө: жөнөкөй архиваторлордо файлдарды бириктирүү аркылуу файлдын көлөмүн азайтуу максатында маалыматтарды кысуу аркылуу жүргүзүлөт. Архивдөөчү программалардын түрлөрү: файлдык архиваторлор – бир же бир нече файлдарды бир архивдик файлга бириктирүүчү архиваторлор. Ал файлдарды архивдик файлдардын ичинде болгон учурда колдонуу мүмкүн эмес. Колдонуу үчүн кайра архивдик файлдан чыгарып өз калыбына келтирүү керек. программалык архиваторлор – бул программаларды жүктөөдө *.exe тибиндеги жүктөө башталганда өз алдынча файлдарды топтоп оперативдик эске жүктөп иштеп баштоого мүмкүндүк берүүчү архиваторлор. дисктик архиваторлор – бул колдонуучуга да байкалбастан дискке жазылган бардык информацияларды архивдеп жана аны окууга ыңгайлуу абалга келтирүүчү, өз ичине резиденттик драйверди камтыган архиватор. Популярдуу архиваторлор: WinRAR Zip WinAce WinZip ж.б. Каналга катталууну унутпаңыздар. Бул сиздин мага көрсөткөн колдооңуз болсун. Рахмат. https://bit.ly/jamalkambarova