КЫЗЫЛ-КЫЯДА 60 ДҮКӨН КҮЙДҮ | ЫДЫРЫС ИСАКОВ |
#ЫдырысИсаков, #Жаңылыктар, #Кырсык 8-сентябрда кечке жуук Кызыл-Кыя шаарындагы базардан өрт чыкты. Эл чогулуп, өрткө каршы кызмат келгенге чейин от тутанып күчөп кеткен. Шаардагы 3 даана өрт өчүрүүчү машина эч нерсеге жараган эмес. Жардамга Кадам-Жай районунун өрт өчүргүчтөрү жардамга келишкен. Бирок алар да жыргаткан эмес. Акырында Кызыл-Кыя цемент заводунун жардамы менен өрт өчкөн. Анткени мамлекеттик өрт өчүрүүчү машиналар эски. Алар өрт чыккан жерге 60-70 чакырым ылдамдыкта суусу менен баралбайт. Өрт өчүргүчтөр сууну өрт чыккан жерден алууга аракет кылышат. А базарда суу жок. Суу болгон күндө да базардын ичине машина кире албайт. Анткени базардын ичиндеги соода жайлар адам да кенен басалбай турган кылып жайгаштырылган. Эң маанилүүсү - Кызыл-Кыя базарынын кожоюндары да, андагы соодагерлер да кырсыктан сабак алышпайт окшоп турат.
Смотрите также
