G
enby!

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАЙРАМЫНА ОРУСТАР ЭМНЕГЕ КЕЛИШТИ ?

Москвада Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы белгиленди Москва облусунун Рыболово айылында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган чоң салтанаттуу майрам болуп өттү. Бул күн ата-бабалардын кылымдар бою самап келген эркиндиги менен көз карандысыздыгынын даңазасы катары өзгөчө мааниге ээ. Иш-чарага Россияда жашап жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ардактуу коноктор, чыгармачыл топтор жана жаштар катышып, майрамды бирге белгилешти. Салтанатта улуттук ыр-күүлөр жаңырып, комуздун коштоосундагы күүлөр чалынып, бийлер бийленди. Алардын арасында элдин кызыгуусун жараткан улуттук спорт оюндары болду. Аянтта улуттук чүкө оюну, көк бөрү, кыргыз күрөшү жана Лейлек күрөшү көрсөтүлдү. Бул мелдештер ата-бабадан калган баалуулуктардын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жаткандыгынын белгиси. Ошондой эле балдар үчүн оюн-зоок программалары уюштурулуп, улуттук тамак-аштар тартууланды. Келген коноктор кыргыздын конокжайлыгына, маданиятына жана биримдигин чагылдырган чоң майрамга күбө болушту. Бул күн чет жерде жүргөн мекендештер үчүн мекенге болгон сүйүүнү, достукту жана улуттук рухту бекемдеген унутулгус майрамдардын бири болуп калды.

Смотрите также