Талантаалы Бакчиев - 20 - "Манастын балалык чагы жана кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүшү - 1"
Манастын төрөлүшү балалык чагы — чыгармадагы туруктуу салттык окуялардын бири. Бул сабакта баатырдын балалык чагынын алгачкы учуру, бала кезден баатырдык сапаттарга ээ болушу, өтө бат чоңоюп жанда жок тентек чыгышы, турмушту таануусунун алгачкы мезгилдерин камтыган сюжеттин өнүгүү этаптарындагы окуялар тууралуу баяндалып, автор Манастын ысымынын коюлушун, өзгөчө келбетин, мүчөсүн сүрөттөгөн белгилүү саптарды чечмелеп, алардын маанисине түшүндүрмө берет.