Корейче сабиз салаты// Морковка по-корейски
#морковкапокорейски #сабизсалат #салаттар #салаты #даамдуутамактар #кыргызчарецепттер #эңонойсалат #жеңилсалаттар Салам достор! 🥕🥕🥕🥕🥕 Даамдуу тамактар каналында бүгүн баарыбызга белгилүү, жеңил жана оңой жасалуучу салаттардын бири корейче сабиз салаты. Корейче деп аталганы менен бул салаттын Кореяга эч кандай тиешеси жок экен, ошентсе да ушул салатты ойлоп тапкан корей ашпозчусуна терең ыраазычылык🤗 ал киши Кореяда эмес Союз мамлекеттеринин биринде жашап, бул салат бизде аябай белгилүү болуп калган. Пайдалуу, даамдуу, оңой жана универсалдуу салат😉 Керектүү азыктар: Сабиз 1.5 кг. Туз 0.5 аш кашык Кара мурч 0.5 чай кашык Кызыл таттуу калемпир 1 чай кашык Кориандр 2 чай кашык Кумшекер 1 аш кашык Кычкыл 70% 4 чай кашык Сарымсак 2-3 тишче Пияз 1 чоң баш Өсүмдүк майы 80 мл. Кызыл ачуу калемпир 0.5 чай кашык ✅ Сабизди атайын сүргүчтөн өткөрүп, туз салып, жакшылап аралаштырып, бир аз жумшарганча эзгилеп алабыз да, бетин жаап 1 саат тыныктырып коёбуз. ✅ Ширеси бөлүнүп чыккан сабизди сыгып ширесинен ажыратып алабыз. ✅ Татымалдардан кара мурчту, таттуу калемпирди, кориандр, кумшекер, кычкылды кошуп аралаштырабыз. ✅ Сарымсакты майда туурап үстүнө салабыз. ✅ Пиязды ичке туурап, өсүмдүк майына кызарта кууруп, ыссык кезинде ачуу калемпирди кошуп, жакшылап аралаштырып, майы менен чогу сабиз менен сарымсактын үстүнө куябыз. ✅ Баардыгын жакшылап аралаштырып, бетин жаап муздаткычка жок дегенде 5-6 саат коюп коёбуз. ✅ Кааласаңыз куурулган кунжут менен көк чөптөрдөн кошуп койсоңуз болот. ТАМАГЫҢЫЗ ТАТТУУ БОЛСУН ‼️ ВИДЕОЛОРУМ ЖАКСА КАНАЛЫМА КАТТАЛЫП, ЛАЙК БАСЫП 👍👍КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРГАНДЫ УНУТПАҢЫЗДАР 😉 Ингредиенты: Морковка 1.5 кг. Соль 0.5 ст.л. Чёрный перец 0.5 ч.л. Паприка 1 ч.л. Кориандр 2 ч.л. Сахар 1 ст.л. Уксус 70% 4 ч.л. Чеснок 2-3 зубчика Лук 1 большая Растительное масло 80 мл. Красный острый перец 0.5 чай кашык Мой инстаграм: / daamduu.tamaktar
Смотрите также
