Кекилик-Учар — ачыла элек Ата-Бейит.
Өзгөн. Кекилик учар. Көмүлгөн сыр. 📌 Арстанбек Полотовдун атасы Аттокур Полотов 1938-жылы «сталиндик репрессияга» кабылып, 58-берене боюнча айыпталып, НКВДнын Оштогу түрмөсүнө 6 айга камалган. 📌 Ал уулу Арстанбек Полотовго, Өзгөн районундагы Эски-Покровка айылынын жанындагы Кекилик-Учар деген жерге түрмөдө атылгандардын сөөктөрүн жашыруун көмүүгө катышканын айтып берген. 📌 Эски-Покровка айылында 1954-жылга чейин түзөтүү колониясы болгон. Анын жанындагы терең кудукка түрмөдө каза болгондордун сөөктөрү менен бирге тирүү адамдарды дагы таштай беришкендигин жергиликтүү тургундар айтып келишет. 📌 Өзгөн районунун Эски-Покровка айылынын жанындагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн деген жер азырынча расмий түрдө изилдене элек. 🔗 Толугу менен видеодон көрүңүз. #esimde