G
enby!

Сабира Токтобаева Сабыр түбүндөгү ажал 1- бөлүм

Ошентип кен дуйного батпаган апам корго батты. Жашоодо ар бир адамдын оз орду болот тура. Бир туугандарына баш паанек сурап барганда батырып койсо балким бул кун бешенебизде жок беле ? Силер кете бергиле менен анан барам - дегениме койбой мени алып кетишти. Апам кол булгап коштошконсуп кала берди. Келээрибиз менен жанатан бери жандап жургон милициялар атамдын колуна кишен салышты. Аксакал кок сакалдар ыйлап жаткан бизди корсотуп суйлоп жатышты. Жазган кагаздарын жыртышып башкадан жазышып элдерге кол койдуруп жатышты. Машиналарына бир кой салып беришти. Азыр ойлосом алтындай апамдын омуру бир койго бааланыптыр. Таенем бир шарт менен кол койгон экен. Ушул эки баланы эч нерседен кем кылбай багасын деп. Кайдан ? Баары куру бекер убада. Таенем 2 айдан кийин каза болду. Биз таганын уйуно да , таеженин уйуно да , абженин уйуно да аванын уйуно да батпадык. Жипке тизген шурудай эмес болчубуз , ошол убакта бешенебизден сылап , шоктугубузду кечирип койсо жетимдер жетилип мээнеттерин кайтармакпыз. Кашы ичке боелгон бир аялды атам жаз айында ээрчитип келди. Чон энем суйуно жоолук салды. Корсо ал биздин жаны апабыз экен. Ошол аял апама кылган мамиленин баарын атам менен чон энеме кайтарды окшойт. Ал апама окшоп эрте турбады , апама окшоп бир койногун кийип журбоду. Кааласа уктайт , кааласа турат. Бир куну атама сабады аны. Мен сага Роза белем , шашпай тур - деп айкырып чыгып кетип агасы менен инисин чакырып келди. Чон энем уйдо жок болчу сарайга атамды суйроп алып киришип тепкилеп жатышты. Атама болгон мэрим менде олуп калган экен ырас кылды дедим ичимден. Апамды дал ушул жерде дал ушинтип сабачу бирок аны эч ким билмексен , кормоксон эле. Коло кошуна , тууган урук корсо сабап жатканын угат экен чуркап келишти. Жаны апамдын аты Саулет. Ошол кундон кийин атамСаулетти 'каттуу суйду " окшойт. Бутуна "намаз " окуп калды. Биз деле огой эне заалымын куп тарттык . Кылбаганы калбады. Агам экообузго ит аякка (итке тамак куюп берчу идиш ) коп жолу тамак куюп берди. Ичтик.. олгонубуз жок. #аудиокитеп #Сабира Токтобаева

Смотрите также