G
enby!

«Балдарым кыргызча билбейт». Кыргыз тилинен милдеттүү сынак демилгеси парламентте талкуу жаратты

Билим берүү жана илим министринин "жогорку окуу жайына тапшырган абитуриенттер мамлекеттик тилден милдеттүү сынак тапшыруу керек" деген буйругу парламентте кызуу талкууга алынды. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кыргыз тилин өнүктүрүү керек экенин, бирок ага этияттап мамиле кылуу менен акырындап өтүү керек экенин айтышты. Ошондой эле алар азырынча борбор калаа Бишкекте мамлекеттик тилде окуткан мектептер жана бала бакча жетишсиз экенине токтолушту. 7-февралда Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда мындан ары "жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырат" деген буйрук чыгарган. Ага ылайык мындай талап бардык окуу жайларына тиешелүү. “Бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт”, - деп жазылган маалыматта. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также