G
enby!

Сүйүү жана сый урмат. Аудиокитеп

Мен бул китепти үмүт үзүлүүдѳн улам жаздым, кийин ал кѳӊүл эргүүгѳ айланды. Жыйын жетекчиси болгон кезимде мен кѳптѳгѳн жубайларга консультация бердим, бирок алардын проблемасын чече алган жокмун. Аялдар кайрылган башкы проблема күйѳѳлѳрүнүн аларды сүйбѳгѳнү болчу. Аялдар сүйүү үчүн жаратылган, алар сүйгүсү жана сүйкүмдүү болгусу келет. Бирок кѳптѳгѳн күйѳѳлѳр аялына болгон сүйүүсүн кѳрсѳтѳ алышпайт. Мен Ыйык Жазууну изилдѳѳнү уланта бердим, үй-бүлѳлүү жубайларга консультация берүүнү да уланттым, акыры, бул теӊ салмактуулуктун башка жарымын кѳрдүм. Күйѳѳлѳр бул жѳнүндѳ дээрлик айтышпайт, бирок аялым мени сыйлабайт деп ойлошот. Күйѳѳлѳр урматталыш үчүн жаратылган, алар сый-урматты каалашат жана ага ээ болушум керек деп эсептешет. Кѳптѳгѳн аялдар күйѳѳсүнѳ болгон сый-урматын кѳрсѳтѳ алышпайт. Натыйжада он никенин бешѳѳсү (анын ичинде машайакчылар да) ажырашуу менен аяктайт. Бул проблеманын тамырын табууга умтулуп, мен акыры муну түшүндүм: күйѳѳнүн сүйүүсү кѳрсѳтүлбѳсѳ, аял күйѳѳсүн сыйлабайт; аялы тараптан сый-урмат кѳрсѳтүлбѳсѳ, күйѳѳсү аны сүйбѳйт. Бул үзгүлтүксүз процесс, мен аны Жаман айлампа деп атайм. Ага миӊдеген жубайлар түшѳт. Мен биринчи жети бѳлүмдѳ биз кантип ушул Жаман айлампага түшүп калаарыбызды жана андан кантип чыгууга болоорун түшүндүрүп берем. Эмерсон Эггерих 00:00:00 - Аял эӊсеген сүйүү 00:00:34 - Киришүү 00:09:59 - 1-бѳлүм. Никедеги мамилелерди жакшыртуунун жѳнѳкѳй сыры 00:50:02 - 2-бѳлүм. Мамилелеше билүү үчүн кодду табуу керек. 01:28:51 - 3-бѳлүм. Эмне үчүн аял сыйлабайт, эмне үчүн күйѳѳ сүйбѳйт? 02:04:06 - 4-бѳлүм. Жаман айлампаны эркектер эӊ кѳп корккон нерсе кармап турат 02:41:54 - 5-бѳлүм. Аял босогодогу килемче болуп калуудан коркот, күйѳѳ болсо ага жагынуудан жадады 03:12:07 - 6-бѳлүм. Аял эки жүздүү адам болгусу келбейт, күйѳѳ болсо сый-урматтын жоктугун айтып даттанат 03:40:23 - 7-бѳлүм. Аял күйѳѳсүн кечире албайт, күйѳѳ болсо аялын сүйүү мүмкүн эмес деп эсептейт 04:06:55 - 2-бѳлүк. Энергетикалык айлампа 04:08:32 - 8-бѳлүм. Жубайлык жашоо – аялга болгон сүйүүнү кантип кѳрсѳтүүгѳ болот. 04:23:39 - 9-бѳлүм. Биригүү – аял ынак болууну каалайт 04:42:22 - 10-бѳлүм. Ачыктык – аялыӊыз сиздин чынчыл мамиле жасашыӊызды каалайт 05:03:43 - 11-бѳлүм. Түшүнүү – аялыӊызды оӊдогонго аракет кылбаӊыз, аны жѳн гана угуӊуз 05:23:08 - 12-бѳлүм. Тынчтык орнотуучулук – аялыӊыз сиздин сезгич болушуӊузду каалайт 05:42:03 - 13-бѳлүм. Ишенимдүүлүк – аялыӊыз сиз үчүн эӊ башкысы экенин билиши керек 05:55:33 - 14-бѳлүм. Кастарлоо – аялыӊыз сиздин аны кастарлашыӊызды жана эркелетишиӊизди каалайт 06:16:02 - 15-бѳлүм. Күйѳѳгѳ болгон сый-урматты кантип кѳрсѳтүүгѳ болот? 06:35:07 - 16-бѳлүм. Жеӊишке жетүү – анын иштѳѳгѳ жана ийгиликке жетүүгѳ болгон каалоосун баалаӊыз 06:57:27 - 17-бѳлүм. Иерархия – анын үй-бүлѳнү коргоого жана камсыз кылууга болгон каалоосун баалаӊыз 07:16:30 - 18-бѳлүм. Кадыр-барк – анын кызмат кылууга жана жетектѳѳгѳ болгон каалоосун баалаӊыз 07:37:41 - 19-бѳлүм. Акылдуулук – анын анализдѳѳгѳ жана кеӊеш берүүгѳ болгон каалоосун баалаӊыз 07:59:14 - 20-бѳлүм. Мамилелер – анын ишенимдүү достукка болгон каалоосун баалаӊыз 08:17:24 - 21-бѳлүм. Сексуалдуулук – анын интимдик жакындыкка болгон умтулуусун баалаӊыз 08:36:56 - 22-бѳлүм. Эгерде сиз иш-аракетке ѳтсѳӊүз, ошондо энергетикалык айлампа да иш-аракетке ѳтѳт 08:44:35 - 3-бѳлүк 08:46:07 - 23-бѳлүм. Сүйүү жана сый-урмат үчүн чыныгы негиз 09:16:51 - 24-бѳлүм. Чындык силерди чын эле эркин кылат 10:02:27 - Тиркемелер 10:24:38 - Ыраазычылык Thank You For Being (Instrumental) Maranatha! Instrumental

Смотрите также