СОТТОЛГОН ДАНИЭЛЬ АЖИЕВДИН ЖУБАЙЫНА БАТИР ЖАНА АВТОУНАА БЕРИЛДИ
Даниэль Ажиевдин мүлкү конфискациялангандан кийин, анын жубайы Наргиза Ажиева мамлекетке кайрылуу жолдогон. Оор турмуштук абалын жана оорулуу баласын эске алган өкмөт конкреттүү чечим кабыл алды. Бүгүнкү күндө алар жашап жаткан батир кайрадан Ажиева Наргизага кайтарылып берилди. Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев ага жаңы автоунааны белек катары тапшырды. Ташиев бул жардамдын башкы максаты - оорулуу баланын ден соолугуна жана калган балдардын келечегине колдоо көрсөтүү экенин баса белгиледи. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion