G
enby!

5.ЫР_КЕСЕ_КЕСИПТИК_ОКУУ_ЖАЙ

1990-1992-жылдар Ак-Талаа району үчүн өзгөчө өзгөрүүлөргө дуушар болгон бурулуш жылдар болду десек жаңылыштык болбос. Анткени ошол учурдагы район жетекчисинин күчү менен Баетов айылы болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, айылдын социалдык, маданий турмушунда жаңылануулар болгон. Баетов айылында Дөрбөлжүн аянты, ошондой эле айылдарга 9 типтүү клуб, анын ичинде Баетов менен Кайыӊды-Булакка 2 клуб курулуп пайдаланууга берилген соң элдин маданиятын көтөрүү, ынтымагын чыңдоо максатында ар бир жуманын ишемби күндөрү жогоруда аталган Дөлбөлжүн аянтында “Алтынчы күнү кечинде” аттуу мекеме-ишканалар арасында ыр кеселер байма-бай өткөзүлүп турган. Бул саамалык эл арасындагы таланттарга шык берип, өздүк чыгармачылык жакшы өнүккөн. Райондогу мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары ар бири өзгөчө чыгармачылык менен уюштурушуп элдин көнүлүн көтөрүп турушкан. Ошол маданиятка болгон камкордук жерде калбай, айылыбызда түзүлгөн “Тоо Шаңы” фольклордук ассамбли республиканын ичинен жалгыз тандалып, алыскы Японияда өткөн Азия өлкөлөрүнүн фестивалына катышып, дипломант болуп кайтышкан.

Смотрите также