Төрт сүйлөмгө талдоо (ээ, баяндооч, аныктооч, толуктооч, бышыктооч)
Синтаксис бөлүмүндөгү эң эле татаал жана ошондой эле кыйынчылык жараткан, албетте, сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзүү. Анткени бул жерде кандайдыр бир эрежеге же теорияга толугу менен таяна албайсың. Биз ошол маселелерге практика жүзүндө кайрылып көрдүк. Албетте, суроолор керектүү маселенин 30%ын гана чечет, бирок багыт катары сүйлөм мүчөлөрүнүн айрым суроолору төмөнкүлөр: __Аныктоочтун суроолору: кандай? кайсы? канча? нече? канчанчы? неченчи? кимдин? эмненин? кимдердин? эмнелердин? ж.б. __Толуктооч: кимге? эмнеге? кимди? эмнени? кимде? эмнеде? (ушулардын көптүк формалары), ким менен? эмне менен? ким тууралуу? эмне тууралуу? ж.б. __Бышыктооч: -канча? кандай? кантип? качан? кайда? ж.б. __Ээ: ким? эмне? ж.б. __Баяндооч: ким? эмне? кандай? канча? эмне кылды? ж.б. #кыргыз_тили #синтаксис