Бала асырап алуунун шарттары | Бакыт Тодогелдиев | Дом малютки | Алдей
Наристе жытына зар болуп жүргөн ата-энеге, бир учурда бала асырап алуу тууралуу ойлор келет. Тилекке каршы, керектүү маалымат дароо эле табыла калбайт. Анын үстүнө, ал жакта баары коррупциялашкан деген терс пикирлердин көптүгү ойго салат. Сабатсыздыктан, такталбаган маалыматтардын айынан көптөр бала асырап алуудан артка чегинишет. Бүгүн биз КРдин Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Тодогелдиев, ошондой эле социалдык кызматкердин, Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун консультативдик-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Токтогоновадан бала асырап алуу тууралуу эң маанилүү суроолорго жооп алдык. Ошондой эле ата-энелер “Ымыркайлар үйүнөн” бала асырап алгысы келсе, эмне кылуусу керектигин билип кайттык. ❗️КРдин Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Facebook баракчасы: https://www.facebook.com/share/9UN6Jt...
---------------
Смотрите также
