G
enby!

Азаттык: Кечки радио эфир | 05.08.2025 | Окуучулар боюнча маалыматтын 90% санарипке өттү

Быйылтан тартып Кыргызстандын мектептеринде окуучулар кагаз түрүндөгү күндөлүк, мугалимдер баа коюлуучу "кызыл" журнал колдонушпайт. Бул тууралуу бүгүн 5-августта Агартуу министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бирим берүү тармагында санариптештирүү жараяны жигердүү жүрүп жатат, окуучулардын демографиялык маалыматынан, социалдык статусунан баштап сабакка катышуусу, алган бааларына чейинки бардык маалыматтын 90% санарипке өттү. "Эми билим берүү процессинин бардык этабы — баа коюу, ата-эне менен байланыш, үй тапшырма берүү, баары электрондук форматта жүргүзүлөт. Мугалимдер, директорлор, ата-энелер “Күндөлүк” жана башка санарип платформалар аркылуу иштешет. Бул жөн эле кагаз форматты алмаштыруу эмес, билим берүүнү башкаруунун жаңы баскычы", — деди агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева республиканын мектеп директорлорунун орун басарлары үчүн уюштурулган педагогикалык форумда. https://www.azattyk.org/a/33494989.html
_____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также