G
enby!

Сопу Коргон АМБ

Алай РИИБдин Сопу-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсү 2 айыл өкмөт: К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүн жана Уч-Дөбө айыл өкмөтүн 13 айылы менен тейлейт. Жалпысы болуп административдик аймакта 4175 кожолук 17003 калк жашайт. Имарат жөнүндө маалымат: Сопу-Коргон АМБнүн эски имараты 1949-жылы курулуп иштөөгө берилген.Эскилиги жетип пайдаланууга болбой калган абалда болуп калгандыктан жаңы имарат куруу муктаждыгы келип чыккан. Ал эми жаңы курулуган имарат 2019-жылдын июнь айында курулуш иштери башталып, 16 сентябрь күнү курулуш иштери аяктаган. Алай РИИБдин Сопу-Коргон АМБнүн 12х8 м, 96 чарчы метр болгон беш бөлмөдөн турган кызматтык имаратынын жалпы сметалык баасы 2 666 000 сом. 5 бөлмөнүн ичинен 3 бөлмөсү кызматтык бөлмөлөр, 1-жатакана (эс алуу бөлмөсү), 1-ашкана. Нөөмөт бөлмөсүндө жууна турган жай бар (душ). Демөөрчүсү: жеке ишкер Примов Бердибай Примович. (“Перити Каол” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору). Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Смотрите также