G
enby!

21.10.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Президент Садыр Жапаров Элдик курултай өтчү күндү өзгөрттү. Жарлыкка ылайык курултай буга чейин белгиленгендей 22-декабрда эмес, 25-декабрда өтөт; “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын беш кызматкери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Алар адмадардан 3000 сомдон 5000 сомго чейин алып турушкан; Бишкектеги абанын булганышынын дээрлик 46%ы транспорт каражаттарынын кесепеттеринен келип чыгат. Анын себебин адистер эски унаалар, сапатсыз күйүүчү май жана жол кыймылын натыйжасыз башкаруудан деп түшүндүрүүдө; КЫРГЫЗСТАНДА 1 ЖАШТАН 6 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН КАНЫНДАГЫ КОРГОШУНДУН ДЕҢГЭЭЛИ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ. Изилдөөлөргө ылайык, коргошун өзгөчө жаш балдардын ден соолугуна өтө кооптуу; Манас шаарында электр чубалгыларын алмаштыруу иштери жүрүп, кышка даярдык көрүлүүдө. Бул иштер убактылуу жарыкты өчүрүүгө себеп болууда. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion

Смотрите также