Назима Радбекова/Айлуу түн…/ cover/2022
Сөзү: Токсейит Дыйкановдуку. Обону: Хабибилла Азиреткуловдуку. жаңы cover))))) Айлуу түн… Жүзүмдү салкын жел аймалап, Жүрөктө ызалык айланат. Аттиң ай кайрылып келсечи, Ай менен сырдашкан махабат. Жаралуу жүрөктү мас кылып, Жаныңда жүрсөм дейм каткырып. Кечээки кыялдар бүгүн жок, Кеткенсийт бурганак сапырып. Чолпондой алоолоп үмүтүм, Чогундай кызарат күйүтүм. Жүрөктөр биригип сыр чечкен, Кайдасын жылдыздуу айлуу түн.